Печать
Категория: Коом
Просмотров: 540

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков ЖКККББнын Мониторинг борборунун, Бишкек шаардык МККБнын жана Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен жеринен жолугуп, эрте мененки нускамага катышуу менен саптык кароо өткөрдү.

Анда, ИИМдин буйругуна ылайык, жазгы-жайкы кийимге өтүү боюнча кызматкерлерге саптык кароо өткөрүп, андан ары имараттын сырткы жана ички аянтында, материалдык техникалык базасында, каржылык-чарбалык багытында, калкты тейлөө жана сервердик кызмат көрсөтүү багытында, ошондой эле санариптештирүү тармагындагы жасалып жаткан иштер менен жеринен таанышып, аныкталган кемчиликтерди орундатуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды койду.

Ал эми, өздүк курам менен жолугушуу учурунда, ИИМдин талаптарына ылайык, эң биринчи тартип жана мыйзамдуулукту сактоону, кызмат учурунда жарандар менен сылык мамиледе болууга, өздүк курам арасында кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык элемменттерге жол бербөөгө, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүүгө жана тажрыйбасы мол кызматкерлерден насаатчылыкты дайындоого жана жалпы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча агитация пропаганда иштерин жүргүзүү тапшырмалары койулду.

Андан сырткары укук коргоо тармагында кызмат кылып, ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерге сый-урмат көрсөтүү жана калкка кызмат кылуу, жарандардын кайрылууларын, арыз-даттанууларын өз убагында карап чыгуу менен жалпы коомчулуктун милиция кызматкерлерине болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүү керек экендигин белгиледи.