Печать
Категория: Коом
Просмотров: 234

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жаңы-Акман айылынын тургуну 1988-жылы туулган Наргиза Абдалиева үч баласы: эки кыз, бир уулу менен дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Андагы маалыматка таянсак, кыздардын улуусу 11, ортончусу 7 жашта, уулу эки жашта.

Келин балдары менен үстүбүздөгү жылдын 28-февралында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Учурда алардын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Келиндин өзгөчө белгилери: Бою 160-165 см, ак-саргыл өңдүү, чачы кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Ак-саргыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Наргиза Абдалиева жана балдары тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү номерлерге чалып, кабарлап коюуну өтүнөт: 102, (03736) 5-02-61, 0224 00 00 15.