Печать
Категория: Коом
Просмотров: 20112

Акыркы күндөрү Раимбек Матраимов баштаган топ көпчүлүккө акча таратып, митингге чыгаруу аракетин көрүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Буга байланыштуу соцтармактарда ар кандай пикирлер күчөөдө. Басымдуу бөлүгү митинг өлкөнү артка тартуудан башка пайда алып келбестигин белгилешип, митингге чыкпоого чакырык таштап жатышат. 

Алардын бири - соцтармактын колдонуучусу Максут Маккамовдун пикири төмөнкүдөй болду:

"Фейсбукка кирсем эле Матраимов жана анын командасы элге акча таратып, митингге чыгарат экен деген сөз желдей тараптыр!

Кечээги жер-жерлерде чыккан элдин кайрылуусун (Бекназаров менен Шаменовту бошотуу талабы) эске алсак, бул чындык болушу мүмкүн.

Урматтуу даанышман Кыргыз эли!

Буга чейин эгемендүүлүк алган жылдардан баштап, 2020-жылга чейинки аралыкта болуп келген митингдер туура эле болгон. Себеби эл чындыгында иштебеген бийликке нараазы болуп көчөгө чыккан! Азырчы...

Азыркы бийлик келгенден бери өтө жакшы иштер жасалып жатат. Күн сайын жаңы курулуштарга капсула салынса, күн сайын жаңы имараттардын ачылышы болуп жатат. Кумтөр алтын кени бийликке өткөндөн бери, экономикабыз да өстү. Айлык акылар көтөрүлгөнү, пенсия көбөйгөнү, жаңы техникалар, аскердик базанын жаңыланышы, энергетикалык көз карандысыздыка жетүү үчүн жаңы салынып жаткан ГЭСтер, республиканын баары аймактарында курулуп жаткан жаңы асфальт жолдор, талаштуу болуп келген чек аранын чечилүүсү ж.б толтура иштер!

Ушундай иштеп жаткан бийликке элибиз кантип каршы чыгышы мүмкүн?! Ошондуктан арзыбаган тыйынга алданбаңыздар. Мен жалпы элден суранат элем. Эч качан көпөстөрдүн акчасына алданып, бийликке каршы митингге чыкпаңыздар! Анткени анын кереги жок!

Биздин өлкөбүз да кошуна өлкөлөрдөй өнүккөн өлкө болууга тийиш! Мындай өнүгүүгө бир гана урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров алып кетип жатат. Анын жолуна жолтоо болбой, жөн гана колдоп туруубуз керек".