Ош мамлекеттик университетиндеги факультеттердин биринин деканынын орун басары 900 доллар пара алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Өзбекстандын жараны кайрылып, аталган жогорку окуу жайындагы окутуучулардын акча алышы боюнча чара көрүүнү суранган.
Кайрылган жаран 2023-жылдын август айында кайсы бир жаран мамлекеттик жогорку окуу жайга тапшырууга жардам берээрин айтып, анын айылдашынан 900 доллар алганын билдирген. Бирок кийин абитуриент мамлекеттик эмес, жеке менчик окуу жайга тапшырган. Андан соң башта берген акчасын кайтарып берүүсүн талап кылган. Бирок кайтарышкан эмес.
Арыз Ош ИИБине каттоого алынган. Бардык акыбалды аныктоо үчүн текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш жаза кодексинин "Мыйзамсыз сыйлык алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам - иликтөө иш чарасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. ИИМдин ыкчам кызматтары мыйзамсыз аракеттерге далил тапкан. Ошондой эле тинтүү иштери да жүргүзүлгөн.
Ушул жылдын 6-мартында тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө арыз ээси жана шектүүлөр бетме бет суракка алынган. Жолугушуу учурунда жаран алган акчасынын бир бөлүгүн - 600 долларды кайтарып берген.