Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1975

 30 жылдан бери Ташиевдердин үй-бүлөсүндө салтка айланган “Баатыр энелерди сыйлоо” салтанаты бул жылда да унутта калган жок.

Бүгүн, 8-мартта Жалал-Абад шаарындагы ресторандардын бирине Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан 600 баатыр эне чакырылып, майрамдык маанай тартууланды. Бейиши таманында катылган энелерге адаттагыдай ак жолуктар салынып, белектер берилди. Маданият өкүлдөрү апаларга арнап жагымдуу ырларын арнады.

Тай-Мурас Ташиев майрам ээлерин куттуктап, бул саамалык мындан ары да улантылаарын белгиледи.

Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул саамалыкты 30 жыл мурда баштаган. Ал эми 2 жыл мурда “Баатыр энелерди сыйлоо” иш чарасын уулдарына өткөрүп берген болчу.

Возможно, это изображение 3 человека, цветок, помост, свадьба и текстВозможно, это изображение 1 человекВозможно, это изображение 8 человек и свадьбаВозможно, это изображение 3 человека и текст