Печать
Категория: Коом
Просмотров: 388

Борбордук шайлоо комиссиясына №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыз түшүүдө. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү менен талапкер 1983-жылы туулган Алимберди Бегматовдон арыз келип түшкѳн. Ал Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси болуп эсептелет.

Ал эми №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү менен 1971-жылы туулган Ганишер Бадаловдон арыз жазган. Ал жеке ишкер экени айтылат.

Эске салсак, депутаттыкка талапкерлерди каттоо 26-мартта аяктайт. Шайлоо 28-апрелде болот.