Германияда өтүп жаткан ITB Berlin 2024 дүйнөлүк ири туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылганын КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.
“Кыргызстандын павильону башка стенддерден сапаттык жактан өзгөчөлөнүп, буга чейин эле көргөзмөгө келген коноктордун көңүлүн бурган. Аталган көргөзмө 8-мартка чейин уланат. Биз кызыктуу учурларды маалымдап жана көрсөтүп турабыз”, – дешти фонддон.
Кыргызстандан Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, Кыргыз туроператорлор ассоциациясы, 16 туроператор жана төрт дестинация катышып жатат, алар: Талас, Каракол, Ысык-Көлдүн түштүк жээги жана Нарын дестинациялары.
Улуттук павильонду ачуу аземине Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмурбек Текебаев, КР Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти Максат Усубалиев, Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев, Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти Салтанат Мидин кызы, аткаруучу директору Нурбек Сапаров жана GIZ`дин өкүлү Бурул Султанова катышты.