Печать
Категория: Коом
Просмотров: 223

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жол коопсуздугун камсыздоо тармагында үзүрлүү кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлер менен жолугуп, алардын акыл-насаат, кеп-кеңештерин жана сунуш-пикирлерин укту.

Ардагерлер төмөнкү багыттагы сунуштарды белгилешти:

-Жол коопсуздугун камсыздоо багытында көйгөйлүү маселелерди талкуулап, күнүмдүк жумуштарды аткаруу үчүн, атайын ардагерлер бөлмөсүн бөлүп берүүнү;

-Милиция кызматкерлери менен ардагерлер ортосундагы ажырымды бекемдеп, жаш кызматкерлерге тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчыларды колго алууну;

-Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында башка мамлекеттик органдар менен биргеликте, жол кыймылын кординациялоо, көзөмөлдөө жана талдоо багытында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон ишмердүүлүктү жогорулатуу;

-Кызматкерлер арасындагы тартип жана мыйзам бузуулардын алдын алуу жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуп үйрөтүү иштерин жүргүзүүнү;

-Жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерди жүргүзүү менен, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка байма-бай жеткирүү.

Жолугушуунун соңунда Жеңишбек Жоробеков ардагерлердин ЖКККББнын кызматкерлери менен жолугушуусу зарыл экендигин белгилеп, айтылган акыл-насаат, берилген кеңештер кызматкерлер үчүн чоң таалим-тарбия болоорун айтып, ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирди.