Печать
Категория: Коом
Просмотров: 200

5-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковадан кабар алды.

Депутат Камила Талиева Элмира Раззакованы келе жаткан майрамы менен куттуктап, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан материалдык жардам катары 100 миң сом тапшырды.

«Исхак Раззаков Кыргызстандын өнүгүшүнө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого зор салым кошкон белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер катары кыргыз элинин эсинде сакталып кала берет», - деген эл өкүлү кыргыз парламенти Элмира Раззаковага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Элмира Раззакова Төрага баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, депутат Камила Талиевага Жолборс Жоробековдун «Исхак Раззаков – улуттун улуу инсаны» аттуу китебин берди.