Печать
Категория: Коом
Просмотров: 488

Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүүнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы Үй-бүлө кодексинин долбооруна киргизди.

Эгерде долбоор кабыл алынса, нике келишими жазуу түрүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталат. Анда жубайлардын жашоо тартиби, анын ичинде ажырашкандан кийинки укуктары жана милдеттери камтылат. Ошондой эле мүлктү кандай бөлүшөрү макулдашылат.

Нике келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт. Милдеттемеден качса жубайлардын бири сотко кайрылууга укуктуу.

Долбоордо бул норма баарына милдеттүү болор-болбосу так көрсөтүлгөн эмес. Документтин маалыматтык негиздемесинде 2023-жылы 45 495 жубай баш кошуп, 12 552си ажырашканы белгиленген.