Эртең, 7-мартта Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, суу «Ала-Тоо» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.