Печать
Категория: Коом
Просмотров: 285

Кытайда бүгүн эртең менен саат 06:10до күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту жер титирөө Кыргызстанда дагы сезилгенин билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын очогу Кытайдын аймагында — Ысык-Көлдөгү Бедел айылынан түштүк-чыгышка карай 25 км, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 72 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу конуштары - Бедел айылында 4 баллга, Кумтөрдө 3 баллга чейин сезилген.

Андан кийин, саат 06:06да Кыргызстанда дагы бир жер титирөө катталган. Анын очогу Кыргызстандын аймагында — Жалал-Абад облусунун Таран-Базар айылынан түндүк-батышка карай 3 км, Жоон-Күңгөй айылынан түштүк-батышка карай 3 км, Кара-Чолок айылынан түндүк-чыгышка карай 5 км, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-чыгышка карай 16 км жана Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 36 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө калктуу пункттарда 2,5 баллга чейин сезилген.