Печать
Категория: Коом
Просмотров: 365

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында   кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Кыргыз тарап бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишкенин белгиледи.

Ошол эле убакта Тажикстандын УКМКсы тараткан маалыматта жумушчу топтор чек араны делимитациялоо боюнча акыркы маселелерди талкуулаганы белгиленген. Ошондуктан сөз жыйынтыктоочу жолугушуу тууралуу болуп жатышы мүмкүн.