2024-жылдын 29-февралында УКМК тарабынан Бишкек шаарынын ШИИБнын Патрулдук милиция башкармалыгынын аянтында, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча УКМК органдарынын жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, ошондой эле Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын алуу жана опузалап талап кылуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу тематикасында жалпы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш чарага аппараттын өздүк курамы, полк жана Патрулдук милиция башкармалыгынын жетектөөчү курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө өздүк курамдын алдында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар инспекторлордун ысымдары аталып, алар УКМКга жеткирилди. Аталган кызматкерлерге карата мыйзам чегинде процесстик мүнөздөгү чаралар көрүлөт.