Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине барып, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда коомчулукту китеп менен камсыздоо маселеси талкууланып, аймактарда иш алып барган китепканалардагы шарт-жагдайды жакшыртуу тууралуу сөз болду.
Ошондой эле эл өкүлү министрдин орун басарына борбордогу жана облустардагы китепканаларга тапшыруу үчүн жакында эле жарык көргөн “Мен атамды таптым” автордук китебин берди.
“Китепкөй муун менен гана билимдүү коомду түзө алабыз. Ал эми билим сөзсүз бийиктикке жеткирет”, – деди Нуржигит Кадырбеков.
Эскерте кетсек, эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков буга чейин да алты китеп чыгарып, окурмандардын кызыгуусун туудурган.