29-февралдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Чойбеков жана Алишер Эрбаев.
Жыйында баяндама жасаган депутат Бактыбек Чойбеков белгилегендей, мыйзам долбоору менен жарандарга сайлуу ок атуучу аңчылык куралына патрондорду өз алдынча жабдуу укугун берүү максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык, «Курал жөнүндө» мыйзамдын 18-беренесине патрондорду жабдууга тиешелүү бөлүгүндө аңчылык ок атуучу сайсыз куралды гана бөлүп көрсөтүүнү алып салуу менен өзгөртүү киргизүү жана аңчылык ок атуучу куралдын бардык категорияларына патрондорду жабдууга уруксат берүү сунушталууда.