Печать
Категория: Коом
Просмотров: 202

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Испаниядагы Социалисттик интернационалдардын жыйынында сөз сүйлөдү. 

Ал абакта жатканда англис тилин үйрөнүп баштаганын белгиледи. Ошондой эле Социалисттик интернационалдардын мурдагы башкы катчысы Луис Айалга жана Испаниянын ТИМ министрине  абакта жатканда кабар алганы үчүн ыраазычылык билдирди. 

"Урматтуу достор, биз Украина жана Палестинадагы конфликттин айынан дүйнөдөгү кырдаал кескин начарлаган кооптуу мезгилде жолугушуп жатабыз. Украина менен Россиянын ортосундагы согуш көптөгөн өлүмдөргө алып келди, тилекке каршы бул дүйнөнү ядролук согуштун жарына такады. Тынчтык жана туруктуулук жоголду", - деди Атамбаев.