Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 29-февралынан 2-мартына чейин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат.
Жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстан Республикасынын Премьер министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат.
Ошондой эле, Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчылары биргеликте "Эркештам-автодорожный" көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампасына барат.
Жумушчу сапардын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.