Печать
Категория: Коом
Просмотров: 405

Бишкек шаарындагы Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде эркин күрөш боюнча 17 жана 20 жашка чейинки кыздар арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Элүү спортчу катышкан мелдешке «АК ИЛБИРС» спорт мектебинин окуучулары да катышып, медалдарга ээ болушту.

Жеңүүчүлөр :
Айназ Абдыкадырова – 1-орун (43 кг);
Баян Моткеева – 3-орун (61 кг);
Асема Омурова – 3-орун (65 кг).

Аталган чемпионаттын максаты - Кыргыз Республикасында кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштү өнүктүрүү жана жайылтуу жана спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.