Печать
Категория: Коом
Просмотров: 152

Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө, КР УКМК тарабынан Каракол райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулган, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермасын түзүү жолу аркылуу  криптовалютаны чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулгандыгы аныкталды.

Тинтүү учурунда, үйдүн кампасынан криптовалютаны иштетүү үчүн 12 даана жабдуулар табылып алынды.

Учурда келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат.