Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1255

Кыргызстандын Юстиция министрлиги тазалоо иштерин баштады. Анын натыйжасында өлкөдөгү 300дөй адвокат лицензиясынан ажырашы мүмкүн. 

Буга чейин калк арасында адвокаттардын мыйзамсыз жоруктарына нааразы болгондор жаралган. Буга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сот аткаруу системасын тазалоо зарылчылыгын белгилеген. 

"Сотко пара жеткирүү ролун адвокаттар аткарышат. Соттор алар аркылуу пара алып, анан чечим кабыл алышат. Мындай ортомчулукту мыйзамдуу түрдө жок кылып, мыйзамдарды сактоо чараларын колдонушубуз керек. Бул көйгөйдү чечпесек, миллиондорду таап, жакшы жашоого өтсөк деле көйгөй бойдон кала берет. Эгерде ынтымактуу, мыйзамдуу жана өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келсе, анда чечишибиз керек. Бизде мындан башка жол жок", - деген Камчыбек Ташиев. 

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков адвокаттарга байланышкан олуттуу маселелерди жөнгө салуу багытында чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Айтымында, 2023-жылдын декабрь айында адвокатура боюнча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип, анын негизинде учурда иштер алынып барылууда. 

"Мыйзамга ылайык, этика комиссиясынын курамынын саны 9дан 7ге кыскартылды. Ошондой эле арыздарды кароо 3 айдан 1 айга кыскартылды. Адвокатура кеңеши, жетекчилиги жана этика комиссиясы 3 жылдан 2 мөөнөттөн ашык шайлана албай тургандыгы боюнча норма бекитилген. Бул кайсы бир тараптардын адвокатураны узак мөөнөткө ээлеп алуусуна жол бербөө болуп саналат", - деди Сыдыков. 

Ал белгилегендей, учурда мыйзамсыз иштерге жол берген, билими жетишсиз, сабатсыз жактоочулардан арылуу процесси жүрүп баштады. Бул боюнча 300дөй адвокатты лиценциясынан ажыратуу көрсөтүлгөн арыз келип түшкөн. Экинчиден, өзүнүн квалификациясын жогорулатпаган, башкача айтканда "өлүү жандардан" тазалануу. Андан тышкары адвокаттык этиканы, принциптерди бузган, мыйзамдуу коргоо жүргүзбөстөн, жалган айтуу менен башкаларды ишендирүүгө аракеттенген жана сотторго ортомчулук кылып пара ташыган адвокаттар дагы бул тазаланууга илинет.