Печать
Категория: Коом
Просмотров: 167

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Ал кайрылуусунда Кыргызстандын бардык эс алуу жана туризм аймактарын таштандыдан тазалоо боюнча жумалык өткөрүүнү сунуштады. 

"Урматтуу Садыр Нургожоевич! Эл сиздин социалистик капитализмдин жаңы саясий-экономикалык формацияны куруп, өлкө жарандарынын социалдык-руханий суроо-талабын канаттандыруучу реформаңызды колдоого алууда. Эл бул сиздин саясатыңыздын пайдубалы болот деп ишенет.

Мамлекетте жаратылышты көп жылдык таштандыдан тазалап, калкты экологиялык маданиятка тарбиялоо зарылчылдыгы жаралды.

Буга байланыштуу жолдордун боюн, өзөн-дарыяларды, Ысык-Көл көлүндөгү, ошондой эле бардык эс алуу жана туризм жайларын таштандыдан тазалоо боюнча президенттик жумалык жарыялооңузду суранам. Буга бардык мектептерди, жогорку окуу жайларын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме-ишканаларды тартуу керек. Башында өзүңүз туруп!" - деди Бакетаев.