Печать
Категория: Коом
Просмотров: 240

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов Кыргызстандан шашылыш түрдө чыгып кетишти. Бул тууралуу vb.kg  парламенттеги өздүк булактарына таянып жазып чыкты. 

Басылманын маалыматына таянсак, аталган депутаттар чет өлкөгө 3 айлык мөөнөткөн кетишкен. 

Ошол эле убакта бул маалымат соцтармактарда дагы жазылып, интернет колдонуучулары депутаттар чет өлкөгө дарылануу үчүн кетишкендей түр көрсөтүшкөнү менен чындыгында депутаттык мандаттарын сактап калуу максатында Кыргызстандан чыкканын белгилешкен. 

Шайлообек Атазов менен Айбек Осмоновдун Раимбек Матраимов менен байланышы бардыгы айтылып келген.