Печать
Категория: Коом
Просмотров: 517

«Урматтуу жарандар телефон шылуундарынан сак болуңуздар!», - дейт КР ИИМдин Басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов. 
"Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнө жана 102 кызматтарына акыркы учурларда телефондук алдамчылык   фактылары боюнча билдирүүлөр  келип түшүүдө. ИИМдин тийиштүү кызматтары ал кайрылууларды каттоого алып, алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган кеңири ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө. 
Телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй эле. Жарандардын телефон номерлерине шылуундар байланышка чыгып, туугандары же болбосо күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болоорун айтып, кырсыкка учураганы (жол кырсыктары) тууралуу кабарлап, курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышкан. Жабыр тарткан жарандардын арасында, телефон чалгандардын көрсөтмөсү боюнча, шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар.
Өз кезегинде милиция жарандардан мындай мүнөздөгү чалуулар келип түшкөн учурда сак болууну, кабарды өзүңүз так текшерип, жакындарыңыз менен байланышып тактоону сунуштайт.
Телефон аркылуу чалган шылуундардын талаптарын аткарууга шашпаңыз жана күнү-түнү 102 кыска номери жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө токтоосуз кабарлаңыздар", - деп белгиледи Басма сөз кызматынын жетекчиси.