Бишкекте 10 жаштагы кызды сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу эки айга камалды. Бул тууралуу Жол кайгуул милициясынан билдиришти.
Анда айтылгандай, сот айдоочуну тергөө абагына эки айга киргизүү боюнча чечим кабыл алган.
22-февралда окуучу кыз токтоп турган фуранын алдынан өтүп бара жатканда жүк ташуучу автоунаа ордунан жылып, кызды тебелеп кеткен. Тилекке каршы, окуучу кырсык болгон жерде каза болгон.
1997-жылы туулган айдоочу А.А. бир нече сааттан кийин Пригородное айылынан кармалган. Милициянын маалыматында, ал кызды байкабай калганын айткан.