Көңүл бургула - кызамык!
Ленин акимиатында кызамык оорусун азайтуу максатында балдарын кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Жолугушууга МАБнын, ҮМБнын, темир жол ооруканасынын өкүлдөрү, ошондой эле райондун мектеп директорлору чакырылган.
2024-жылдын башынан бери Ленин району боюнча кызамык менен ооругандар 481 адамды түзөт.
Маалымат: Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык кызамык, паротит жана кызамыкка каршы эмдөө пландуу түрдө эки жолу жүргүзүлөт:
- 1 жашында биринчи эмдөө;
- 6 жашында экинчи эмдөө.
"Урматтуу шаардыктар, өзүңүзгө жана балдарыңызга кам көрүңүз!" - деп билдирет мэрия.