УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев 4 балалуу жалгыз бой энеге үй белек кылды. Ал өзү жашаган үйдү көп балалуу энеге бошотуп берген.
Тахмина Ашымова 4 баланын энеси. Балдарын жалгыз бой чоңойтуп келатканына көп болду. Ал үйдү күтүүсүз жерден алганын билдирген. Тимурлан Ташиев белек кылган үйдө жашап жатканына төрт айдай убакыт болду.
Камчыбек Ташиев көп жылдан бери кайрымдуулук иштерин жасап келет. Эч кандай мамлекеттик кызматта иштебеген, бизнесте жүргөн кезинде баштаган кайрымдуулугун тагдырдын кандай мезгилине туш келсе дагы калтырбай улантып келатат.
Тимурлан Ташиев бир туугандары Тай-Мурас жана Эмирхан менен биргеликте буга чейин дагы кайрымдуулук иштерин жасап келгени белгилүү. Төрт эмдүү болгон үй-бүлөгө дагы жардамын беришкен.