Печать
Категория: Коом
Просмотров: 441

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки жана мектептик билим берүү чөйрөсүндөгү кырдаал жөнүндө Билим берүү жана илим министринин маалыматы угулду.

Жыйында баяндама жасаган Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, бала бакчалардын саны 1712ден 1834кө чейин, ал эми мектептердин саны 2333төн 2350гө чейин көбөйдү. Министр ошондой эле бала бакчаларда 221 миң бала, мектептерде 1 млн 447 миң бала билим алып жатканын билдирип, жалпысынан мектептик билим берүү тармагында 9796 педагог эмгектенгенин кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Жылдыз Садырбаева үй шартында иштеп жаткан бала бакчалар тарабынан билим берүү программаларынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө маселесин көтөрдү. Буга министр Д.Кендирбаева текшерүү тартиби чектелгенин, министрликтин өкүлдөрү бала бакчаларга алдын ала эскертүүдөн кийин гана бара аларын билдирди.

Ал эми депутат Медербек Алиев PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына даярдык көрүү маселелерине токтолду.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев министрликти жетим балдардын жайкы 3 айда эс алуусун камсыз кылуу, аларга кам көрүү маселесин иштеп чыгууга чакырды. Эл өкүлү Өзгөн районундагы Марат Разаков атындагы мектеп-интернатында тарбияланып жаткан балдарга жайкы эс алуусун камсыз кылууга көмөктөшүп жатканын белгилеп, министр Д.Кендирбаевадан бул демилгени колго алып, акыркы 17 жылдан бери ишке ашырып келе жаткан интернаттын жетекчисин кабыл алууну өтүндү.

Депутат Айбек Маткеримов Министрлер кабинетин бала бакчаларды, жетим балдарга турак жай курууну каалаган демөөрчүлөргө жер бөлүп берүү маселесине көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле эл өкүлү аймактарда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, кадр саясатын жүргүзүү маселелерин ортого салды.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки жана мектептик билим берүү чөйрөсүндөгү кырдаал жөнүндө Билим берүү жана илим министринин маалыматы эске алынды.