“Баатыр эне” орденин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын карамагында болот жана мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлөт.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, пенсияга укугу жок жарандар пенсия курагына жеткенде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен төлөмдөрдү алышат. Анын ичинде «Баатыр эне» ордени менен сыйланган аялдар.
2024-жылдын 1-фералына карата, пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон 112 баатыр-эне 3000 сом өлчөмүндө ар айлык социалдык жөлөкпул алат.