Кыргызстанда жеке менчик клиникаларды текшерүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Учурда Кыргызстанда жеке менчик клиникаларды текшерүү уланууда.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.
Адистер жарандарга канчалык деңгээлде кызмат көрсөтүлүп жатканын тактап алууну пландап жатышат.
Топ эки ай иштеп, андан соң жеке клиникалардын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана жакшыртуу боюнча сунуштарын президенттик аппараттын кароосуна киргизет.