Печать
Категория: Коом
Просмотров: 305

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алишер Эрбаев Беларусь Республикасына иш сапары менен барды. Иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн VIII чакырылыштагы Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасына жана XXIX чакырылыштагы Жергиликтүү депутаттар кеңештерине өтүп жаткан шайлоого байкоо сала турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) эл аралык байкоочулар тобун координациялайт. 

Бүгүн, Алишер Эрбаев жетектеген ЖККУ ПАнын байкоочулар тобу бир катар жолугушууларды өткөрүп, анын ичинен Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко, Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Шайлоо жана республикалык референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Игорь Карпенко менен баарлашты. 

Эртең, 25-февралда байкоочулар тобу Минск шаарындагы шайлоо участкаларына барып, байкоо салат. 

Андан соң депутат Алишер Эрбаев ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар тобунун жыйынтыктоочу отурумуна, КМШнын байкоочулар миссиясынын Координаторлор кеңешинин жыйынына, ошондой эле Шайлоо жана республикалык референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын соңку басма сөз жыйынына катышат. 

Белгилей кетсек, Беларусь Республикасындагы парламенттик шайлоого ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин депутаттары, Ассамблеянын катчылыгынын кызматкерлери, анын ичинен КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев да байкоо салууда.