Печать
Категория: Коом
Просмотров: 600

2019-жылы мекемелер аралык комиссиянын курамына кирген эколог Ракат Кысанов Кызыл-Омполдо уран кени эзелтен бери бар экенин билдирди. 

"Бул кен жайы уран жана башка металлдар кум сыңары чачылып жатканы менен уникалдуу. Усубалиев кен жайын иштетпеш керек деп айткан, ал убакта, союз маалында азыркыдай технология болгон эмес. Ооба, ал жерге чынында эле завод куруп, химикаттарды пайдаланууну каалашкан, бирок учурда ал жерди центрифуга аркылуу суу менен жууп жатышат. Чындыгында ал жерде уран абдан аз көлөмдө, а титаномагнетит дүйнөдө абдан суроо-талапка ээ, өндүрүштө, машиналарды чыгарууда, атомдук индиструяда колдонулат, бул урандын энергиясын кармап калчу жалгыз металл. Эгерде кен жайын тазалашса, радиациялык фон азайат, үч эсе тазалануу жүрөт. Аны экологиялык акция деп атасак да болот", - деди эколог. 

Ошондой эле кен жайын иштетүүнүн жаман жагын көрбөй турганын, бирок бардык жерде экологиялык жана санитардык нормативдер жана коопсуздук техникалары сакталышы керектигин белгиледи. 

"Аймактын өзүндө жеке сактоо каражаттарын колдонуунун деле зарылчылдыгы жок, бир гана комбинатта - цехте колдонууга болот. Мен административдик имараттагы радиациялык фонду 2019-жылы текшергем, ал 15-25 мкР/саат болгон, а менин үйүмдө -30. Кара-Кече көмүрүн жаккан учурда күлүн текшергенде 100 мкР/саат чыгат. Бул тууралуу биз эмнегедир унчукпайбыз", - деди Кысанов. 

Айтымында, Кызыл -Омполдон 20 миллион тоннага чейин титаномагнетит казып алуу мүмкүн, уран - 20 миң тонна.