19-февралда Улутук госпиталдын травматология бөлүмүндө медайым бейтаптын туугандары тарабынан сабалган. Маалыматтарга караганда, медайым кош бойлуу болгон жана кол салуудан кийин боюнан түшүп калуу коркунучу менен Шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылган. Абалы туруктуу.
Укук коргоо кызматкерлери чакырылган. Дарыгерлер медициналык кызматкерди коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүнүүдө.
“Биздин кызматкерлер бейтаптарыбыздын ден соолугуна жан үрөп кам көрүп келишет, аларга карата ар кандай зомбулук аракеттерине жол берилбейт. Биз кызматкерлерибиздин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөбүз. Ошол эле учурда бардык бейтаптарды жана алардын жакындарын сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдон келген аракетин жасап жаткан кызматкерлерге сый мамиле кылууну суранабыз”, — деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов.