Кызыл-Омпол кени дагы иликтенет, андан соң гана акыркы жыйынтыктан кийин иштетилип баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда Балыкчы шаарынын, Тоң районунун жана Кочкор районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Эске салсак, жолугушуу жергиликтүүлөр менен Кызыл-Омпол кенин иштетүүнү талкуулоо максатында болду.
"Биз дароо эле иштетип баштабайбыз. Дагы да иликтейбиз, "жети өлчөп, бир кесебиз". Мараторийди мыйзам киргизип, жокко чыгарабыз. Андан соң гана ишке киришебиз", - деди мамлекет башчы.
Ошондой эле кен жайы иштеп баштаса таза кирешенин түшүшүнө жараша Балыкчынын бюджетине каражат бөлүнүп, шаардын өнүгүшү үчүн жумшалаарын өлкө башчы белгиледи.
"Кирешеге жараша айылдарды, шаарларды карайбыз. Мамлекеттикки болгондон кийин кирешени эч ким жашыра албайт, баары ачык болот. Жумуш боюнча камсыздандыруу боюнча, жалаң жергиликтүү тургундардан жумушчулар алынат. Адистер башка жактан келишет", - деди Садыр Жапаров.
Андан сырткары, жергиликтүү тургундардын суроолорунан улам, өлкө башчы кен жайындагы радиацияны текшерүүгө жергиликтүү тургундарды да тартууга, датчиктерди берип жеке өздөрүнө текшертип көрүүгө тапшырма берди. Эгерде датчик нормадан ашык көрсөткүч көрсөтсө, анда чечимди кайрадан карап чыгууга даяр экенин белгиледи.