Кызыл-Омпол кенин казууда калкка зыяны болбойт. Аны уран кен жайы деп атоо жаңылыштык. Анткени анын курамында баалуу металлдар көп, эң көбү - титаномагнетит - 95 пайыз, фасфор - 3 пайыз, цирконий - 2 пайыз, тория - 0,22 пайыз, ал эми уран эң аз, ал болгону 0,17 пайызды түзөт.
Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда президент Садыр Жапаровдун Балыкчы шаарында аталган шаардын, Тоң районунун жана Кочкор районунун тургундары менен жолугушуусунда адистер тарабынан айтылды.
СССР убагында Москвадагы Улуттук изилдөө ядролук университетин аяктап, багыттама менен Кара-Балта комбинатына келип 40 жылдан ашуун иштеп, анын 30 жылын ядролук тармакка арнаган адис Эсенжан Мусурманкулов Кызыл-Омполдо уран коштомо элемент гана болуп саналаарын белгиледи.
"Биз бул жакка үч адис келдик. Кызыл-Омполду уран кени деп жаңылыш атап жатышат. Муну профессионалдык тил менен алганда титаномагнетит же цирконий кени деп атоо туура. Башка элементтер коштомо гана болушат", - деди.
Ошондой эле адистин айтымында, кен жайын иштетөө айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбейт. Тескерисинче, ал жайдан уранды чыгарып кетүү пайдалуу болот.
"Түшүндүрүп айтканда үстүңкү: өсүмдүк жана топурак кыртышы гана алынат. Астында кум. Ал жерде бургулоо жана жардыруу иштери болбойт. Анткени катуу таштар жок, дээрлик кум жатат. Аны магниттик сепаратор деген бар, жөн гана казылып алынат. Эч кандай химикат колдонулбайт. Оор компоненттер бөлүнүп алынат дагы, андан ары аларды бири биринен ажыратууга химиялык процесстер керек. Бирок ал бул жерде жасалбайт, Кара-Балтага жеткирилип, ошол жактан соңуна чыгарылат", - деди Эсенжан Мусурманкулов.