Печать
Категория: Коом
Просмотров: 594

Бүгүн, 20-февралда президент Садыр Жапаров Тоң жана Кочкор районунун тургундары менен жолугушту. 

Жолугушууга Балыкчы шаарынын, Тоң районунун жана Кочкор районунун активисттери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү акыркы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жана алдыда аткарыла турган инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда жайгашкан Кызыл-Омпол кен жайын иштетүү планы талкууланды. Бул кен жайды толугу менен мамлекет өзү иштетүүгө ниеттенүүдө. 

"Уранды иштетүүдөн эмне пайда болмок дешиңер мүмкүн. Биринчиден, анда миңден ашуун жаңы жумушчу орун түзүлөт. Экинчи Кумтөр пайда болот. Бул деген жергиликтүү бюджет дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салым болот дегенди билдирет. Эл дагы байыйт. Кирешеси 100 пайыз Кыргызстанга калат.

Бир убакта силер бул кен жайды жөө жүрүшкө чыгып жатып иштетпей койгонсуңар. Мен аны туура эмес болгон деп айта албайм. Анын бир чоң пайдасы болду: эгерде 5-6 жыл мурда казылып баштаганда жеке менчик компания аткармак, пайдасы да 100 пайыз жеке адамдарга кетмек. Биз былтыр ал компаниянын лицензиясын жокко чыгарып, кен жайды мамлекетке алдык. Кумтөрдү кантип иштетип жаткан болсок, Кызыл-Омполду да ошондой иштетебиз. Толугу менен мамлекетке түшөт, жеке чөнтөктөргө кетпейт", - деди Садыр Жапаров. 

Ошондой эле кен жайын иштетүү башталганда жана ага чейин дагы жыл сайын мамлекет 50 чакты жаранды Россияга жиберип окутат. Алар сейрек кездешүүчү баалуу металлдардын жана урандын адиси болуп чыгышат.