Печать
Категория: Коом
Просмотров: 188

19-февралда Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөө кечээ саат 15:59да Кыргызстандын аймагында Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 8 км аралыкта катталып, анын күчү 3 баллга жеткен.

Ошондой эле бүгүн, 20-февралда саат 10:28де кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмологдордун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болгон. Ал эми Кыргызстандын калктуу кошунтары — Кара-Тейит Карамык айылдарынан түштүк-батышка карай 34-35 чакырым аралыкта болгон. Аталган айылдарда жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.