Печать
Категория: Коом
Просмотров: 828

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, УКМК тарабынан издөө жарыяланган Раимбек Матраимовдун коррупциялык кланынын тамырын кыркуу аракети жүрүп жатат. Жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык жол менен байыган мурдагы мамлекеттик кызматкердин мүлкү мамлекетке конфискацияланаарын жана ал Кыргызстанга бир гана жол менен - эл катары карапайым жашоо кечирем деп кайтышы мүмкүндүгүн билдирген. Анын Ош жана Бишкек шаарындагы эле 80 миллион долларлык байлыгы мамлекетке өткөнү да белгилүү болгон. Муну менен катар мамлекеттик кызматтардагы Раимбек Матраимов түптөгөн коррупциялык схеманын тамырын кыркуу үчүн аны менен байланыштагы бардык мамлекеттик кызматкерлерди иштен алуу чаралары да жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө караганда, Ош облусунда эле мамлекеттик органдардагы 50гө жакын аткаминер кызматтын тапшырган. 

"Раим-миллиондун" изи Жогорку Кеңешке чейин жетет. Парламентте дагы анын каржылык колдоосу аркылуу мандат алган бир нече депутаттар отураары белгилүү. Алардын аты дагы коомчулукта аталууда. Башкысы - Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимовдун эл өкүлү болуп отурганына нааразычылыктар жаралып баштады. Аны мандатынан ажыратуу талабы дагы калк арасында коюлууда. 

Серепчи Актан Ажымамбетов Матраимовдун иши "бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшөсүң" макалына үндөш экенин белгиледи. 

"Чын чынына келгенде Раимбек Матраимовдун миллионер же карапайым экенин Кыргызстанда эч ким билчү эмес. Мурдагы бийликтегилер карапайым элге ор казып, ырыскысын жейбиз деп система уюштуруп, башына Раимбек Матраимовду алып келишкен. Кийин ал система иштебей калып, Матраимовдун миллиондору башка жакка кете баштаганда ичтери ачышып, элге өздөрү "Раимбек миллион, жегич" деп жарыя кылышты. Өздөрү койгон тузакка өздөрү түшүштү. Бул - элдин назарынан калды дегендик. Элдин бир гана колдоочусу бар, ал - Кудай. Аны эсепке албай эле адамдык көз караш менен иш жасай беребиз да.

Ал эми парламент кызыкчылыктардын парламенти болуп калган. Айрымдары Батыштын миллиондорунун арты менен келсе, кээ бири Раимбек сыяктуу байлардын элге азыраак "садака" бере калып, алып келген өздүк адамы. Далили - беш жыл отуруп элге иштеген бир мыйзам кабыл албай, өздөрүнүн кызыкчылыгына, акча уурдоосуна, баюусуна жардам берчү 30 чакты мыйзамды бир күндө кабыл алган учурлар болгон.

Батыштын аракети белгилүү, эми Раимге да кезек келди. Аны жалгыз гана Садыр Жапаровдун же Камчыбек Ташиевдин душманы дебеш керек.  Бул карапайым элдин талабы. Учурдагы бийлик келерде эл ушундай талап койгон: "Матраимовдун партиясы парламентке келбесин" деген. Болбосо акчага таянып алдыңкы орунда келатышпады беле. Президент ошол убакта убада берген: "Матраимовго да жетебиз, элден алганын элге кайтарабыз, керек болсо камайбыз" деп. Мына, ошол убадалар акырындык менен аткарылып жатат.

Эми Матраимовдун парламентке алып барып койгон депутаттары дагы эл эмне дейт деген түшүнүккө муюп, моралдык укугу жоктугун билип арызын жазып кете беришсе, эл "азамат экен" дейт. Булардын аркасы ачылып, баары билинип жатса да догурунуп, кечээ дос болуп жүргөндөр бүгүн "Раимди тааныбайм" дегенге өтүштү. Анчалык болбошу керек да. Булар Батыштын системасын киргизип жатышат: эл эмне десе дей берсин, мен өз билгенимди кылам деген", - деген Ажымамбетов. 

Эске салсак, Раимбек Матраимовдун коррупциялык схемасы тууралуу 2018-19-жылдардан тартып  айтыла баштаган. Ошол маалда журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлүп, Матраимовдун коррупциялык жол менен тапкан миллиарддаган байлыгы ачыкка чыккан. Бирок жарандык коомдун катуу талабына карабай, Матраимовду кылмыш жообуна тартууга убагында эч кандай аракеттер көрүлбөгөн.