Ош шаарында сойкулукка жана бузукулукка үндөө боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош ИИБинин жана УКМКнын Ош жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын биргелешкен иш чараларынын негизинде сойкулук боюнча ыкчам маалымат алынган. 10-февралда Ленин көчөсүндөгү даректе текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал жерде февраль айынын башынан бери сойкукана иштеп жатканы маалым болгон.
Кылмышты жасоого шектелип 1995-жылы төрөлгөн чет өлкөлүк жаран С.М. кармалган. КР Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгү ("Сойкулукка жана бузукулукка үндөө") боюнча кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык соту 12-февралда анын баш коргоо чарасын карап, ушул жылдын 12-апрелине чейин камакка алуу чечимин чыгарды.