Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Бишкек шаарында акимчиликтер райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте тамеки чегүү боюнча рейд өткөрүшүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Рейддин жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу фактылары аныкталган оюн-зоок мекемелеринде администрация жана келгендер тарабынан бузуулар катталды.

Алсак, Биринчи май району боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө 2 протокол түзүлүп, 26 миң сом айып салынган. Октябрь району боюнча 3 протокол түзүлүп, 39 миң сом айып салынган. Свердлов району боюнча 8 мыйзам бузуу протоколу түзүлүп, жалпы суммасы 104 000 сомду түзгөн. Ленин району боюнча 1 протокол түзүлүп, 13 миң сом айып салынган.