Печать
Категория: Коом
Просмотров: 198

2024-жылдын 18-февралында Сокулук районунда жайгашкан "Аполлон" мейманканасында интимдик кызмат көрөсөткөн 15.06.1983-ж.т. К.Д.Э. жана 14.09.1987-ж.т. Г.В.С. кармалып, аларга кылмыш иши козголду. 

УКМКнын маалыматына караганда, текшерүү иштери атайын кызмат Сокулук районунун ИИБ менен биргеликте жүргүзгөн жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча аткарылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандардан мурда атайын белгиленген 8000 сом жана интимдик кызмат көрсөтүү үчүн алынган 7200 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары табылып алынды. Ошондой эле кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө тарткан мейманкананын 1978-жылы туулган С.А.Д. аттуу администратору кармалды.  
КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.