Печать
Категория: Коом
Просмотров: 509

2024-жылдын 12-февраль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кытай Эл Республикасынын жараны 1969-жылы туулган Л.Ч арыз менен кайрылган. 

КР ИИМдин маалыматына караганда, арызда Азам аттуу жаран  “сен 58 000 (элүү сегиз миң) АКШ долларын  беришиң керек”- деп коркутуп, опузалап акча талап кылып жатканын билдирген. 

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин    208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 17-февраль күнү опузалап талап кылган акчаны алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1971-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, камакка алынды. 

Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.