Бүгүн, 19-февралда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан футбол союзунун президенти болуп шайланды.
Ал жакынкы жылдары Кыргызстанды футбол өлкөсүнө айлантууга бардык күчүн жумшаарын айтты.
"Кыргызстан футбол өлкөсү болот. Кичине баладан тартып пенсионерлерге чейин футбол ойноп калышат. Кантип? Анткени биз ага шарт түзөбүз. Эгерде азыр бир нече ондогон футбол аянттары болсо, келечекте бир нече жүз миңдеген футбол аянттары болот. Бул президентибиздин тапшырмасы. Аны биз аткарабыз, ошону менен алыскы аймактардагы дагы таланттар тапталат. Биринчиден - футболдук инфраструктураны өнүктүрөбүз. Экинчиден, ар кайсы аймактардагы, шаарлардагы кенже балдар - өспүрүмдөр футбол клубдарын, академияларын ачабыз. Футбол - башка кесиптер сыяктуу эле билим талап кылган кесип. Аны да окуп билим алыш керек. Көчөгө чыгып топ кубаласа эле футболист болуп калбайт. Биз ушул түшүнүктүн кесепетин азыр көрүп жатабыз, Футболист болуу үчүн дагы химик, агроном ж.б. кесиптер сыяктуу эле өтө чоң билим керектелет. Кайсы бир кесипке ээ болуу үчүн 5-6 жыл окуса, футболист болуу үчүн ондогон жылдар кетет. Кичине чактан, 7-8 жаштан тартып үйрөнө баштоо керек. Ошондуктан сөзсүз түрдө балдарыбызды окута турган футбол академиялары болууга тийиш. Аны бардык шаарларда, айрыкча ири шаарларга ачуу зарыл. Бишкекте футбол академиясы жок. Анан кантип жыйынтык көрсөтүүнү, жеңишке жетишүүнү каалап жатабыз? Өлкө футбол жаатында ийгиликтерге жетүү үчүн балдарыбызга татыктуу билим беришибиз керек.
Үчүнчүдөн, ички чемпионаттарды көбөйтүү зарыл Ага күчтүү оюнчуларды катыштырып, шарттарды түзүү кажет. Азыр Жалал-Абадда стадион толук кандуу оңдоодон өткөрүлүп жатат. Буга чейин өлкөбүздө болбогон, футбол аянтчасы да жаңы технологиялар менен курулуп жатат, жакында бүтөт. Ушундай эле аянтча Бишкекте "Мурас" футбол клубунун окуу-машыгуучу базасында курулат", - деген Камчыбек Ташиев өлкө боюнча дагы бир топ аймактардагы стадиондор оңдоодон өткөрүлөөрүн жана курулаарын белгиледи.