Печать
Категория: Коом
Просмотров: 472

Бүгүн, 19-февралда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан футбол союзунун президенти болуп шайланды. 

Ал жаңы стадиондун курулушу 15 күндүн ичинде башталып, эки жыл аралыгында аягына чыгаарын билдирди. 

"Жакында жаңы стадиондун курулушу башталат. Аны эки жылдын ичинде куруп бүтүүнү пландап жатабыз. Ага 40 миң көрүүчү батат. Мен бул маселени жеке көзөмөлүмө алдым", - деди Ташиев. 

Ошондой эле "Спартак" стадиону капиталдык оңдоодон өтөөрүн кошумчалады.