Кыргызстан менен Түркия мамлекетинин ортосундагы боорго операция жасоону окутуу келишиминин негизинде атайын окууга барып келген отуз дарыгер жумушсуз калды. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган дарыгерлер ал министр болгонго чейин Ош мамлекеттик университети жана Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиясы аркылуу кеткенин айтып, “боорго операция жасоого даяр эмес” деп жооп берди.
“Биринчи, экинчи партия менен баргандар клиникалык ординатураны бүтүшүптүр. Эч жакта иштебегендер экен. Ал жактан окуп, эми бизди жумушка алгыла деп суроо коюп жатышат. Ачыгын айтканда алар боорго трансплантология кылууга даяр эмес”, - деди.
Министр учурда Түркияда ушундай эле келишим менен буга чейин мамлекеттик ооруканаларда иштеп жүргөн 40 дарыгер окуп жатканын кошумчалады. Жыйынтыгында бул маселени изилдөө үчүн депутаттык топ түзүлдү.
Кыргызстанда боор транплантациясы жасалбагандыктан органы жабыркаган адамдар чет жакта алмаштырышат. Анын ичинде Индияга жана Түркияга барып боорун алмаштыргандар тууралуу маалыматтар көп.