Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1176

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда мындан ары мафия, клан деген түшүнүктөр болбой турганын, ал түп-тамырынан жок кылынаарын билдирген. Ошондой эле, Раимбек Матраимов жана Камчы Көлбаевдин мафиясына байланышы бар 202 мамлекеттик кызматкер жумушунан кетээрин белгилеген. 

"Биздин Кыргызстаныбызда уюшкан кылмыштуу топтор, бандиттер, "смотрящийлер", "положенецтер", "мыйзамдагы уурулар" болбошу керек! Болом дегендерди же болбосо мен кылмыштуу топтун мүчөсүмүн дегендердин ачык айтайын, башын кесебиз. Бирөөсү башын көтөрүп көрсүн!.." - деген Камчыбек Ташиев. 

Раимбек Матраимов менен байланышы бар дегендердин арасында ЖК депутаты Абдыбахаб Боронбаев да бар болуп чыккан. Ал 17-февралда депутаттык мандатынан ажыратылды. 

Эксперттер бийликтин мындай кадамын колдоо алаарлык деп баалашууда. Серепчи Мелис Жаанбаев Жогорку Кеңеште Матраимовдун арты менен депутаттыкка илешкен дагы бир нече эл өкүлдөрү бардыгын белгиледи. 

"Жемкорлугу аркылуу депутат болгондор көп. Ошол эле Нарматова, Осмонов, Атазовдор жүрөт. Булар Раимдин жардамы менен парламентке келишкен. Эми тазаланып баштаганда, өздөрүнүн намысы менен эле кетип калышканы оң болуп турат. Парламентте отуруунун аларга кереги жок", - деди Жаанбаев.