УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрүнүн А.у.Б.ны Талас облусу боюнча “положенец” кылып дайындоо ниетине бөгөт койду.
Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Талас ОИИБ менен биргеликте УКМК аталган А.у.Б.ны алып келүүнү ишке ашырды.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында А.у.Б. уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болуудан, криминалдык дүйнөнүн идеологияларынан толугу менен баш тартты жана мындан ары КР мыйзамдарын бузбоого милдеттенди.