Бишкекте аймактык милиция кызматкерин таш менен урган жарандар кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Ленин РИИБ билдирген.
Маалыматка караганда, 13-февралда саат 16:45 чамасында Павлова менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын аймактык кызматкери кызмат өтөп жүрүп, коомдук тартипти одоно бузуп, алкоголдук ичимдиктерди ичип жаткан 3 адамга эскертүү берген. Бирок алар тыйылып калуунун ордуна, экөөсү милиция кызматкерин таш менен уруп киришкен.
Бул факты боюнча милиция кызматкери рапорт менен кайрылып, анын негизинде 280-берене ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Р. жана 1998-жылы туулган Ы.Б. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.