Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

Жайыл аймактык ооруканасынын директору төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу кызматтан алынганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Анда айтылгандай, Жайыл аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмү боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиевдин 12-февралдагы тапшырмасы менен Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 14-февралындагы №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары, директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Ал эми төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.