Печать
Категория: Коом
Просмотров: 295

Салык кызматынын ишкерлерди мыйзам бузуу фактыларын ырастоочу маалыматтары болбогон текшерүүсүнө бөгөт коюлганын Башкы прокуратура маалымдады.

Анда айтылгандай, Салык кызматынын 2024-жылдын 1-кварталына мерчемделген 2837 ишкердик субъекттеринин текшерүүсү ишкерлердин мыйзам бузган фактыларын ырастоочу маалыматтары болбогондугуна байланыштуу каттоосу жокко чыгарылды.

Ошондой эле текшерүүчү органдардын аракеттерине ишкерлердин нааразычылыктары болгон учурда, 1212 ишеним телефону аркылуу прокуратурага кайрылуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ишкердин укугун коргоо боюнча ишеним телефону: 1212.